Get Mystery Box with random crypto!

Коомдук активист Эртай Исаков жаш балдардын мас болуп алып, ми | MAXTV KG

Коомдук активист Эртай Исаков жаш балдардын мас болуп алып, милиция кызматкерлерине баш ийбей, алар менен кайым айтышып жаткан видеосун өзүнүн социалдык баракчасына жүктөдү.

Тасмадан топтошкон жигиттер түн ичинде көчөдө (коомдук жайда) ызы-чуу чыгарышып, сөгүнүп, кубалашып, бири-бирине кол салып жатканын көрүүгө болот.

Ошондой эле, ал жака кайгуул милициянын кызматкерлери келип, бейбаштарды тынчыта албай жатканы да видеого түшүп калган. Кийин алардын артынан кошумча күч келип, акыры мастарды бирден кармап кетишти.

(Белгилей кетсек, мас киши коомдук жайда чатак чыгарып, сөгүнүп, мушташса – бул КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык “бейбаштык” болуп эсептелет.)

Өз учурунда тасманын автору: “Жигиттер мас болуп, ичип алып, коомдук тартипти бузуп, элдин кашаларын талкалабагыла. Колдон келсе ичпегиле! Бул колдон келет. Ичпегиле!”,— деп кайрылуу да жасаган.